ֱ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү: космостун жана чыгармачылыктын атмосферасында

30&Բ;апреля&Բ;2025

#мейкерспейс#mldc

Жекшемби, 27-апрелде БААУнун мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Анын темасы “Космос” болуп, 12-апрелде белгиленген космонавтика күнүнө арналды.

Мейкерспейс – идеялар өз калыбын тапкан уникалдуу мейкиндик. Мында жаңы нерселерди үйрөнүүгө жана эң маанилүүсү санаалаштарды табууга мүмкүн. Ачык эшиктер күнү – бул коомчулуктун бир бөлүгү болуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.

Иш-чарага БААУнун президенти Тимоти О'Коннор катышты.

Москва физико-техникалык институтунун персоналдык санариптик өндүрүш лабораториясынын командасынын катышуусу иш-чаранын башкы окуясы болду. Алар космос темасында бир нече кызыктуу мастер-класстарды өткөрүштү. Анда инженердик ой чыгармачыл жол тутуу менен айкалышты. Катышуучулар ракетанын үлгүсүн ишке киргизүү, марста жүрүүчү кемени башкарып көрүү же Жердин биринчи спутнигинин үлгүсүн чогултуп көрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Жогорку класстар үчүн “Биринчи спутник” стеласынын жана Самоделкиндин роботунун үлгүсүн чогултуу боюнча сабактар даярдалды.

Мастер-класстар жөнөкөй электр чынжырчалары, кандооч жана башка куралдар менен иштөөнү үйрөттү. Мындан тышкары ар кандай материалдар жана алардын долбоорлордогу айкалышуусунун эрежелери тааныштырылды.

Ошондой эле коноктор салтка айланган мастер-класстарга катышышты – боз үй тигүү, шам жасоо, стол үстүндө ойнолуучу оюндарды ойноо. Мейкерспейстин алдында кыймылдуу оюндар уюштурулуп, борбордо жасалган жана иштелип чыккан көчө эмеректеринин жарманкеси тартууланды: отургучтар, креслолор, столдор жана керебеттер.

Каалоочулар Мейкерспейстин курстары боюнча кеп-кеңеш алып, сабактарга жазылышты.

Жалпысынан иш-чара жылуу жана достук атмосферада өттү. Өзгөчө баалуу нерсе бул Москва физико-техникалык институту менен БААУнун чеберлеринин кызматташуусу болду. Мындай тажрыйба эки тарапты жана катышуучулардын баарын шыктандырды.

<<