Маалыматтардын негизинде жарандык активдүүлүк: БААУнун студенттери изилдөөчүлүк долбоорлорун тартуулашты
30&Բ;апреля&Բ;2025
Өткөн аптанын аягында “Жарандык коом маалыматтардын негизинде: практикалык керектөөлөр үчүн статистика” семинары болуп өттү. Data Science жана Storytelling with Statistics курстарын иликтеген студенттер өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын тартуулашты.
Семинар “Колдонмо математика жана информатика” факультети жана факультеттин доценти, техникалык илимдердин доктору Полина Долматова тарабынан уюштурулду. Бет ачарлар студенттердин аталган эки курс боюнча жасаган практикалык иштери болуп калды.
Белгилей кетсек, бет ачарлардын көпчүлүгү кампустагы жарандык активдүүлүккө арналыптыр: борбордун иш-чараларына катышуу, кампуста таштандыларды чогултуунун эффективдүүлүгү, экоквест. Кээ бир долбоорлор боюнча изилдөөлөр бир нече жылдарга созулат. Бул биринчиден борбордун аталган багытта ишмердүүлүгүн жакшыртууга жардам берет. Ошол эле учурда эмпирикалык байкоолорду статистикалык маалыматтар менен негиздөөгө өбөлгө түзөт.
Маалыматтар чечимдерди кабыл алууда негиз болуп бараткан ааламда маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана чечмелөө – активдүү жарандык ишмердүүлүк үчүн маанилүү ыкма. БААУнун студенттери теория менен практиканын ортосундагы ажырымды басып өтүү менен академиялык билимдер коомдун пайдасы үчүн кантип колдонулушу мүмкүн экенин көрсөтүшүүдө.